Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ – 1) мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматчылардын КР Конституциясында ж. б. ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттерин, иш-милдеттерин жана бийлик ыйгарым укуктарын кесиптик негизде жүзөгө ашыруу боюнча иши; 2) административдик укуктун борбордук институттарынын бири.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР – КР мыйзамдары боюнча мамлекеттик кызматта турган, туруктуу негизде белгилүү акчалай акы үчүн өз кызматына ылайык берилген ыйгарым укуктарын аткарууда кесиптик ишмердикти аркалап жүргөн жана алардын орундалышына жооптуу КР жараны.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНУ – КР мыйзамдарында каралган кызмат оруну, болбосо мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары аны ээлеген адам үчүн бул мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча милдеттердин чөйрөсүн аныктоо менен уюмдаштырылган кызмат оруну. Мамлекеттик кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат оруну жана административдик мамлекеттик кызмат оруну болуп бөлүнөт.